Намасбек Бейшекеевдин «Азыркы кыргыз тилинин синтаксиси жана пунктуациясы» аттуу окуу куралынын бет ачары болуп өттү
       Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын демилгеси менен Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору жана К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети менен биргеликте уюштурулган   кыргыз тили жана адабияты багытындагы алгачкы библиограф, диалектолог, лексикограф, дасыккан педагог, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, профессор  Намасбек Бейшекеевдин «Азыркы кыргыз тилинин синтаксиси жана пунктуациясы» окуу куралынын бет ачары болуп өттү. Бул иш-чарага  кесиптештери, замандаштары, шакирттери катышып, Н. Бейшекеевдин илим-изилдөө иштериндеги өзгөчөлүктөрдү жана илимий эмгектеринин бүгүнкү күндө да актуалдуу экендигин баса белгилешти. 
Эмгектин бет ачарында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич модератор болду. Төрага өз сөзүндө Н. Бейшекеевдин кыргыз филологиясына кошкон салымын баса белгиледи. Кесиптештери эмгектин актуалдуулугун эске алып, окуу куралын кайрадан басып чыгарууну сунушташты.  Замандаштары, шакирттери Н. Бейшекеевдин адамдык сапатын, кесипкөйлүгүн, мыкты илимпоз экенин эскерип, жагымдуу атмосфера жаратышты. «Өмүр сенден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» деген А. Токомбаевдин айткан сөзүнө далил деп белгилешти. Өмүрлүк жолдошу Апал апа, үй-бүлөдөгү ордун белгилеп, эскерип, өзүнүн балдарын гана эмес, жалпы элдин балдарын жарым кылым бою тарбиялаганын сыймыктануу менен белгиледи.
Архив