“ТИКА” Түрк кызматташтык координациялык агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болду
             КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев баштаган жетекчилик курам менен “Тика” Түрк кызматташтык координациялык агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болду.
Жолугушууда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жана ага караштуу мекемелердин материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында пикир алышуу болуп, келген өкүлдөр комиссияга караштуу мекемелердин материалдык техникалык базасы менен танышып чыгышты. 
Буга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев, орун басар Ж.Орозобекова, Энциклопедия жана терминология борборунун жетекчиси Н.Маражапова, бөлүм башчы А.Супатаева ал эми “ТИКА” Түрк кызматташтык координациялык агенттигинен Орто Азия боюнча бөлүм башчысы Али Өзгүн ӨЗТҮРК, Кыргызстан боюнча куратор Али МУСЛУ, Кыргызстан Бишкек офисинин координатору Осман УСТА, Кыргызстан Бишкек офисинин координаторунун орун басары Али ЮЖЕЛ ж.б. катышты.
Конокторго Улуттук комиссиянын атынан атайын белектер ыйгарылды.
Архив