Жогорку Кеңештин тармактык комитети мамлекеттик тилге байланышкан конституциялык мыйзамдын долбоорун экинчи окууда колдоду
      Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору экинчи окууда каралды.
Жыйында баяндама жасаган тармактык комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталган. “Бул мыйзам долбоору боюнча депутаттардан 34 сунуш жана сын-пикирлер келип түштү”, - деди депутат.
Комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев жооп берди.
Талкуу маалында депутаттар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдошту. Ошону менен бирге сунушталган долбоордун нормаларын сактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү зарылчылыгын белгилешти.
Тактап айтканда, депутат Шарапаткан Мажитова Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынан мамлекеттик тилди окутуу боюнча муниципалдык курстарды ачуу, ошондой эле кыргыз тилинде окуткан бала бакчаларды көбөйтүү өтүнүчү келип түшкөнүн маалымдады.
Ал эми депутат Камила Талиева мыйзам долбоорундагы мамлекеттик тилди ченемдик укуктук актыларда, иш кагаздарында жана документ жүгүртүүдө колдонуу маселелерине байланышкан 10-берене тууралуу кеп кылып, расмий иш кагаздардын баары орус тилине которулгандыктан, расмий тилди чектөө жөнүндө сөз жок экенин кошумчалады.
Ошондой эле депутат Медербек Алиев менен Бактыбек Чойбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мамлекеттик тилдин макамына байланышкан маселелерге токтолду.
Андан тышкары, комитет төрайымы Винера Раимбачаева мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү милдеттерин жүктөө менен бекитилген штаттык сан жана эмгек акы маселелерин камтыган 39-берененин 1-пункту тууралуу сөз кылып, бул боюнча Каржы министрлигинин пикирине кызыкты. Өз кезегинде министрдин орун басары Жибек Дүйшеева сунушталган ченемге макул эместигин билдирди.
Парламенттик угуунун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын  сунуштарын эске алуу менен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жактырылып, аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине сунушталды. 


Булак.: Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү
Архив