"Бай кыргыз тили өз баркын жогорулата берет..." Төрага К.Осмоналиев жана орун басар Ж.Орозобекова катышкан атайын эфир болду
        Быйыл Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгы белгиленет. Аталган башкы документтин 13-беренеси толугу менен кыргыз тилинин коомдогу ордун жогорулатууга арналып, мамлекеттик тилди колдонуу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталары айтылган. Кыргыз Республикасынын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугу кепилденет, - деп көрсөтүлгөн талаптар да таасын иш чаралар менен коштолууда. Бул жагдайда маалымат берип, "Парламент" радиосунун студиясында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев болду. Маек жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорунун негизги мааниси баяндалды. Мыйзам долбоору 2023-жылдын 18-январында биринчи окууда кабыл алынган. Парламенттик талкууларда коомчулуктун пикирин угуп, алардын сунуштарын да карап жатабыз, - деди К.Осмоналиев.
Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын айтымында, азыркы талкуудагы мамлекеттик тил багытындагы конституциялык мыйзам долбоорунун 5-жана 10-беренелерине ача пикир билдиргендер болуп жатат. Алардын катарында эл аралык уюмдардын кезигип жатканы таң калыштуу, - дейт К.Осмоналиев . Мыйзамдын аталган беренелеринде мамлекеттик жана мунииципиалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө окуп, жаза билиши керек. Менчиктин кайсыл формасы болбосун иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып баруусу кажет, - деп белгиленген талаптардан баш тартууну көздөгөндөр "бөйрөктөн шыйрак чыгарышууда". Эгерде мамлекеттин жүзүн дааналаган тил саясатында кыргыз тилинин ордун бекемдеп, беледин көтөрө албасак, анда улутубуз үчүн уят, - деген К.Осмоналиев, - тилге байланышкан мыйзамдардагы "же" деген байламтадан арылуунун убагы эбак келгендигин белгиледи. 
Ошондой эле өлкөнүн Баш мыйзамында Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулары көрсөтүлгөн. Бирок, ушул маселеге келгенде эгерде зарылчылык пайда болсо гана деген сунуштар айтылып жатат. Бул тууралуу "Парламент" радиосунун ушул эле уктуруусунун экинчи мейманы,  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова билдирди.
Эсиңиздерге сала кетсек, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун Социалдык саясат боюнча комитет экинчи окууда  карап жактырды. Эми бул маселе жакынкы арада парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. 
Булак.: Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү
Архив