КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде “Мамлекеттик органдардагы мамлекеттик тилдин абалы” аттуу жыйын болду

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, КР Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Капалбаев Октябрь Эркинович, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Досалиев Акуналы Атамырзаевич, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская  Батма Болоталиевна, “Кыргыз тили” гезитинин редактору Д.Керимов, Улуттук комиссиянын бөлүм башчылары А.Ишеналиева жана А.Супатаева, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аппарат кызматкерлери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана ЖМК өкүлдөрү  катышты.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев  “Мамлекеттик, муниципалдык органдардагы мамлекеттик тилдин колдонулушу: “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын аткарылышы тууралуу кенен баяндама жасады. Кыргызтесттин аткарып жаткан  иштери тууралуу директору Б.Б. Топоева-Ставинская сүйлөдү. Ошондой эле аталган министрликтеги мамлекеттик тилдин абалы боюнча да министрдин орун басары тарабынан маалымат берилди. 

Архив