Жогорку Кеңеш мамлекеттик тилге байланышкан конституциялык мыйзамдын долбоорун экинчи окууда колдоду

Бүгүн, 19-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталган.

“Сунушталган мыйзамдын долбоору колдонуудагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын жоболорунун жана аларга карата жүргүзүлгөн талдоонун негизинде эксперттердин, окумуштуулардын жана жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан”, - деди В.Раимбачаева.

Депутаттардын суроолоруна Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев жооп берди.

Талкуу маалында депутаттар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдошту. Ошону менен бирге сунушталган долбоордун нормаларын сактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү зарылчылыгын белгилешти.

Алсак, депутат Дастан Бекешев мамлекеттик тилде айлардын аталыштары, жарнамалык тексттер тууралуу суроолоруна түшүндүрмөлөрдү алса, эл өкүлү Тазабек Икрамов «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин иши, бул тесттен өтүүнүн жол-жоболору боюнча суроолорду узатты. Депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунун 9,10,32,34-беренелеринде каралган маселелерди белгилеп, мамлекеттик тилди колдонуунун жана өнүктүрүүнүн мыйзамдык негиздери жаатындагы маселелерди көтөрдү.

Ал эми депутат Нуржигит Кадырбеков башка тилдерден мамлекеттик тилге которууда котормонун сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтып, белгилүү акын-жазуучулардын чыгармаларын да кыргыз тилине которуу зарылдыгын кошумчалады. Депутат Эрулан Кокулов мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн конкреттүү жана эффективдүү механизмдери жок болгондуктан, бул мыйзам долбоору иштебей турганын белгиледи. Депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик тил биздин негизги мурасыбыз экенин айтып, ушуга байланыштуу аны өнүктүрүү боюнча маселелерди көтөрдү. Ал ошондой эле мультфильмдердин котормосу, министрлердин кыргыз тилин билүү сынагынан өтүү боюнча маселелерди ортого салды.

Мындан тышкары эл өкүлү Таалайбек Масабиров мамлекеттик тилди сактоо жана өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү керектигин белгиледи. Депутат Айбек Осмонов “w” тамгасын кошуу менен кыргыз алфавитин кеңейтүү боюнча маселелерди көтөрсө, эл өкүлү Максатбек Сарбагышев мыйзам долбоорунун нормаларын иш жүзүндө ишке ашыруу механизмдери тууралуу кеп козгоп, анын ичинде балдар үчүн анимациялык тасмаларды мамлекеттик тилде тартууну сунуштады. Депутат Исхак Масалиев иш кагаздарын жүргүзүүдө, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен алакаларды түзүүдө мамлекеттик тилди колдонуу тууралуу маселени көтөрдү. Депутат Адахан Мадумаров мыйзам долбоорундагы бир берене экинчисине карама-каршы келерин айтып, аларды жоюу керек деп эсептейт. Ал эми депутат Эмил Токтошев мамлекеттик тил саясатын трансформациялоо үчүн латын алфавитине өтүү маселесин кароо зарыл экенин билдирди. Депутат Марлен Маматалиев бул мыйзам долбоорунда мамлекеттик жана расмий тилдер каралганын, КР Конституциясынын нормаларын бузуулар жок экенин баса белгиледи. 

Өз кезегинде эл өкүлү Надира Нарматова мыйзам долбоору мамлекеттик тилди колдонуунун тартибин аныктаганын айтты. Депутат Камила Талиева мамлекеттик тил саясатын реформалоо – учур талабы экенин, мыйзам долбоору мамлекеттик тилди колдоого багытталганын, андыктан анын кабыл алынышын башка тилдерди кемсинтүү катары каралбашы керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, экинчи окууда кабыл алынды.

Булак.: Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Архив