“Саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик тилдин абалы” аттуу жыйын болду

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Баатырова Гулнара Маришовна, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская  Батма Болоталиевна, Улуттук комиссиянын бөлүм башчылары А.Ишеналиева жана А.Супатаева,  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басарлары жана министрликтин аппарат кызматкерлери, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилери жана ЖМК өкүлдөрү   катышты.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев “Мамлекеттик, муниципалдык органдардагы мамлекеттик тилдин колдонулушу: “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын аткарылышы тууралуу кенен баяндама жасады. Кыргызтесттин аткарып жаткан иштери тууралуу директору Б.Б. Топоева-Ставинская сүйлөдү. Ошондой эле аталган министрликтеги мамлекеттик тилдин абалы боюнча да министр Баатырова Гулнара Маришовна тарабынан маалымат берилди.


Архив