Таласта “Бектур агайга” арналып жарыяланган 2022-2023-окуу жылы салтанаттуу жыйынтыкталды

Бул иш-чарага  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Бектур  агай эл арасында тоодой  кадыр   баркка ээ инсан.   1989-жылы    СССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган. Талас облустук  мамлекеттик   адимистрациясынын  буйругу менен 2008- жылдын  октябрынан  2009-жылдын июнуна чейинки окуу мезгили «Бектур  агай» жылы деп  аталып,   ага  облустун, аймагындагы бардык мектептин тилчи мугалимдери   катышып,   жети окуу телефильми тартылып, 14 усулдук китеп чыгарылган.  

          Талас   облусунун  аймагында окуучуларга билим жана  таалим-тарбия  берүүнү өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын  Президентинин  2021-жылдын 29-январындагы  №1 “Инсандын   руханий-адеп-ахлактык  өнүгүүсү жана  дене  тарбиясы   жөнүндө”  Жарлыгын  туу   тутуп, аны  тереңдеп  ишке   ашырууну  көздөп, Эл мугалими  Бектур Исаковдун  80   жылдык  мааракесинде  өткөрүлгөн мугалимдердин курултайында  сунушталган чечимин колдоп, Кыргыз Республикасынын  Президентинин Талас облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Нарбековдун №272-б буйругу менен облустун мектептеринде   2022-2023-окуу  жылы “Бектур агай”  жылы  деп   жарыяланган.          

             Бектур  агай  Талас  облусунун аймагында аракеттенүүчү “Элеттик  мектеп   академиясын” түзүп, анын натыйжалуу   окутуу  жана  үзүрдүү   таалим-тарбия  берүү, окуучуларды турмушка-бүйрө жана тың жашоого даярдоо  боюнча бир топ иштерди аткарды.

             Ошентип, жогору жактагы айтылгандардан   келип  чыгуучу    тыянак  мындай. Кыргыз  Республикасынын Эл  мугалими Бектур Сыдыкович  Исаков: 

1) республикадагы  окутуу жана тарбиялоо  боюнча   ири  устат  мугалим;

2) үзүрлүү эмгеги, окуу-педагогикалык 57 китеби, 300 гө жакын   илимий – усулдук макалалары менен жумурай  журтка кеңири таанылган  чыгаан   педагог;

3) окутуу тармагында өзүнчө  чыйыр  салган    жаңычыл, изденгич  атуул; 

4) кыргыз  тили,  кыргыз   адабиятын, «Манас» эпосун майнаптуу   окутуу,  улуттук таалим-тарбия боюнча чоң адис, ондогон педагогикалык  тажрыйбалардын ээси. Ушунун баары-күндөлүк окутуу ишине, ири    изилдөөлөрүнө  чейин   карапайым   мугалидик  эмгегине   сыйып  турат.  

Архив