Талас шаарында “Талас облусундагы мамлекеттик тилдин абалы” аттуу жыйын болду

2023-жылдын 28-апрелинде Талас шаарында “Талас облусундагы мамлекеттик тилдин абалы” аттуу жыйын болуп өттү. 

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары,  Талас шаарынын мэри, райондук администрациялардын башчылары, аппарат кызматкерлери, облустук түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилери, билим берүү борборлорунун жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары катышты. 

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Осмонбеков Канымет  “Талас облусундагы мамлекеттик тилдин колдонулушу жана өнүгүшү” тууралуу маалымат берди.

Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская  Батма Болоталиевна, “Кыргызтест: мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тилди билүү деңгээлин баалоо маселелери” боюнча кенен түшүнүк берди.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Талас облусунда мамлекеттик тилдин абалы: иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана колдонулушу” тууралуу кеңири баяндама жасады. Жыйын суроо-жооптор менен аяктады.

Архив
  • апрель 2025
    дшшшшрбшжмишжш
    31123456
    78910111213
    14151617181920
    21222324252627
    2829301234
    567891011