5-май – Мамлекеттик конституция күнү

Урматтуу мекендештер! Кадырман калайык-журт!

Мамлекеттик конституциянын кабыл алынышы өлкөнүн соңку тарыхындагы зор окуя болгон. Андан бери 30 жыл өттү. Бул күнкорсуз, азат мамлекетти куруунун ишенимдүү жана чечкиндүү кадамына пайдубал болуп берген.

Ар бир эл өзүнүн улуттук баалуулуктарын жана ички эрежелерин бийик баалап, ыйык деп эсептейт. Конституция – мамлекеттин бүтүндүгү жана дөөлөтү.

Мамлекеттик мыйзам жалпы жарандык, башкаруу-административдик, илим-билимдик, технологиялык, өндүрүштүк-чарбалык, соода-сатыктык, маданий жана диний негизде Кыргызстанда жүрүп жаткан ички интеграциянын, этносторду бириктирүүнүн  ишенимдүү кепилдигине айланышы зарыл.

Бүгүнкү күндө улуттук тилибизди урматтап-барктоо багытында өлкө жетекчилиги жана жалпы коомчулук тарабынан алгылыктуу аракеттер жүрүп, ийгиликтер жаралууда. Аны окуп-үйрөнүү, колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүдө. Бирок мамлекеттик тилди андан ары өркүндөтүү, кеңири колдонуу боюнча Конституциялык мыйзамга негизделген мамлекеттик тилдин конституциялык мыйзам долбоору Жогорку кеңештин экинчи окуусунан кабыл алынды. 

          Баарыңыздар бар болуңуздар! Жалпыңыздарды конституциябыздын кабыл алынгандыгынын 30жылдыгы менен куттуктайм! Мыйзамдын кепилдиги болгон Конституциябыз түбөлүктүү болуп, Элибиз, Тилибиз өнүксүн!

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы 

                                                                                                                                   К.О. Осмоналиев

Архив