Улуу жеңиш күнүңүздөр куттуу болсун!


Урматтуу замандаштар! Жеңиш майрамыңыздар кут болсун! Бул майрам элибиздин мекенчилдик сезимин табууга болгон изденүүнүн жаңы кырлары менен сырларын ачып, жаш муунду патриоттуулукка үндөйт. Эң башкысы – улуттук баалуулуктун туусу мамлекеттик тилге болгон ар бир жарандын жоопкерчилиги ойгонуп, аны көздүн карегиндей сактоого болгон дилгирлиги артат. 

Мамлекеттик тил менен катар жарандарыбыз Кыргыз тарыхы, салт-санаасы, маданияты жана чөлкөмдүк, аймактык баалуулуктары жөнүндө түшүнүктөрүн өркүндөтүү менен мекенчилдик сезимдерин байытса деген үмүттөмүн. Мунун баары барып-келип эле улуттук жана мамлекеттик иденттүүлүктү бекемдөөнүн пайдубалы болору шексиз. 

9-май Улуу Жениш күнү. Мындан 78-жыл мурда СССР элдеринин жалпы биримдиги менен фашисттик Германияны жеңип, Улуу Ата Мекендик согуштун улуу жеңиши орногон.

Бул жеңишти чоң аталарыбыз миңдеген чакырымдар алыста, беш жыл бою фашисттик баскынчылар менен болгон кандуу согушта, чексиз азаптарды, көптөгөн жоготууларды алтын баштарынан кечирүү менен бизге тартуулашкан. Кыргызстандык жоокерлер жана ооруктун эмгекчилери жалпы совет эли менен бирдикте майданда кан кечип, фронтту ок-дары, жарак-жабдык жана азык-түлүк менен камсыз кылып, согуш азабын чогуу көтөрүштү. Советтик Армиянын катарында 360 миңден ашуун жердешибиз баатырларча салгылашкан. Алардын ысымдары ыйык согуштун даңктуу таржымалында түбөлүккө жазылып калды. Немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы согушта көрсөткөн каармандыгы, баатырдыгы жана эрдиги үчүн 150 миңден ашуун жоокер жана командирлер орден, медалдар менен сыйланган. 22 жердешибиз “Даңк” орденинин толук кавалери болуп, 73 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку наам ыйгарылган.

     Бул майрам биз үчүн түбөлүккө даңктуу майрам болуп кала берет. Урпактар үчүн жанын аяшпай, согушта эрдик көрсөтүп келген бардык аталарыбызга түбөлүк даңк! Жалпы Мекендештерди ушул Улуу майрам менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз!

Архив