"Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик тилдин абалы" аталышындагы жыйын өттү

Жалал-Абад облусундагы мекеме-ишканаларда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын, орун алып жаткан көйгөйлөрдү талкуулаган жыйын болду. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Ставинская Батма Топоева, район-шаар, айыл аймак башчылары, мекеме-ишкана кызматкерлери, орто жана жогорку окуу жайларынын мугалимдери катышты. 

Мында баш мыйзамда мамлекеттик тил тууралуу белгиленген беренелерди жана Мамлекеттик тил Мыйзамын жетекчиликке алып, облус аймагында жана Жалал-Абад шаарында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. 

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев белгилегендей, Жалал-Абад облусунда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана колдонулушунда бир топ жылыштар бар. Бул аракет кыргыз тилин өркүндөтүүгө чоң жардам берерин белгиледи. Бирок, ошол эле кезде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында берген эскертмесине карабай, мамлекеттик тилде иш кагаздарды жүргүзүү пайызы төмөн болгон ишканаларды тизмектеди.

Алар: 

-Жалал-Абад облусунун аймагындагы район-шаардык салык жана социалдык фонд башкармалыктары, Унаа мамлекеттик мекемелери – 40 пайыздан төмөн;

-Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы – 23 пайыз;

-Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгы – 46 пайыз;

-ӨКМдин алдындагы Жалал-Абад Сыноолор, сертификациялоо жана метрология борбору – 39 пайыз;

-Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгы 46 пайыз;

-Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасы 29 пайыз иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзөт.

Жыйында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча “Кыргызтест” сынагынан өтүү тууралуу маалыматтар берилип, мындан ары да облус аймагында кыргыз тилин өнүктүрүү аракеттери көзөмөлгө алынары эскертилди.

Булак.: Президенттин Жалал-Абаддагы Өкүлчүлүгү

Архив