Төрага Араван районунда

Бүгүн, 2023-жылдын 13-май күнү Араван районуна КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Ставинская Батма Топоева, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы  А. Тилекманова, Араван районунун администрация башчысы-аким С. Кулубаев, орун басары Б. Осмонов жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж. Мамажановдор З. М. Бабур атындагы орто мектебине мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана колдонулушу боюнча таанышты. Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев мектепте иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлушү жана колдонулушунда бир топ жылыштар бар экендиги, ушул мектептин тажрыйбасын башка мектептерге да жайылтуу керек экендигин белгилеп, бул аракет кыргыз тилин өркүндөтүүгө чоң жардам берерин белгиледи.

Архив