Окутуу-семинар Араван районунан башталды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан Ош облусунун райондоруна "Мамлекеттик органдарда иш кагаздардын мамлекеттик тилде түзүү, жүргүзүү жана кыргыз тилинин жазуу эрежелери" жана "Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама" боюнча окутуу семинарын   баштады. Окутуу семинар 13-май күнү Араван районунан башталды.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы  Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич катышып, семинардын катышуучуларына куттуктоо сөзүн айтып, ийгилик каалады.  Ал эми, "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна "Кыргызтест" системасы боюнча маалымат берди. Семинарга райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары, мекеме-уюмдардын кадр маселелери жана иш кагаздарын жүргүзүү ишине жооптуу адистер катышты. 

Семинарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы 120 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча типтүү нускама" боюнча Архив кызматынын Ош аймактык башкармалыгынын уюштуруу, кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ү.Эргешов, ал эми "Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана кыргыз тилинин жазуу эрежелери" боюнча ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Айтибаева Жыпар маалымат беришти.

Архив