Бүгүн залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун туулган күнү. Ал 111 жашка толмок
Түгөлбай Сыдыкбеков — ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон Кыргыз эл жазуучусу, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры.  Т.Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. 
         Сыдыкбековдун поэтикалык чыгармаларына караганда анын ошол эле отузунчу жылдары жазган прозалык чыгармалары кыргыз совет адабияты үчүн чоң окуя болгондугу азыр жалпыга белгилүү. Анын 1934-1935-жылдардан баштап жазып, 1937-1938-жылдары жана айрым бир редакциялоодон кийин 1940-1941-жылдары жарыкка чыгарган "Кең-Суу", 1939-1940-жылдары бүтүргөн "Темир" романдары кыргыз совет адабиятындагы реалисттик роман жанрынын табиятына белгилүү деңгээлде жооп берип, анын дарбазасын ачкан чыгармалар.
            Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Т. Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болгон.
         Түгөлбай Сыдыкбеков — кыргыз маданиятындагы залкар инсан, улуттук адабиятта эң көп роман жазган автор, жаштардын чыгармачылыгын ар дайым колдоп келген улуу устат.
Түгөлбай Сыдыкбеков тил тууралуу төмөнкүдөй асыл ойлорун айтып, кыргыз элине мурас катары калтырып кеткен:
            “Тилдин ээси жаңы төрөлгөн чүрпөдөн тартып, азыр бу дүйнө менен кош айтышып бара жаткан карыяга чейинки ар бир адам тилдин ээси болуп саналат”. 
              “Тил  — бул,  маданият  — башаты, маданият — булагы”. 
              “Тилди өрчүтүү,  тилди асыроо, тилди багуу  бул — ар бир  адамдын мойнундагы асыл милдет!”
              “Эне тилин билүү башкы маданият, ар бир адам өзүнүн эне тилин билүүгө милдеттүү, ал мойнунда турган парз”.  
              “Өз эне тилин  эң сонун билип, ал эми калган тилдерди колунан келишинче жакшы билүү керек”.
Архив