Окутуу-семинар Ноокат районунда болду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан Ош облусунун райондорунда 2023-жылдын 13-19-май күндөрүндө "Кыргыз Республикасынын Типтүү нускамасынын негизинде мамлекеттик органдарда иш кагаздарын  түзүү, жүргүзүү жана кыргыз тилинин жазуу эрежелери" аталышындагы  окутуу-семинары   болуп жатат. Окутуу-семинары өз ишин 13-май күнү Араван районунан баштаган. 

       2023-жылдын 14-май күнү көчмө топ Ноокат району жана Ноокат шаарында ишин улантты. Семинар эки бөлүктө ишин жүргүздү. Иш-чараны  акимдин орун басары Зульпиева Нургүл Сабыровна алып барды. Семинарга райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары, мекеме-уюмдардын кадр маселелери жана иш кагаздарын жүргүзүү ишине жооптуу адистер, мектеп мугалимдери, бала бакча кызматкерлери  катышты. 

     Окутуу-семинарынын биринчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Орозобекова Жылдыз Калмашевна “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин абалы” деген темада  баяндама жасап, мыйзамдын маңызына, тил саясатынын маанисине кенен токтолуу менен Ноокат шаарындагы, районундагы абалды рейтинг формасында көрсөтүп берди.

     Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору 

Маражапова Нуржан Кенжегуловна өлкөбүздөгү термин, терминология, котормо маселелери боюнча кенен токтолуп, таасирдүү баяндамасы менен угуучулардын кызуу талкуусун жаратып, берилген суроолорго жооп берди.

      Окутуу-семинарынын кийинки бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы  №120 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын мамлекеттик түзүү, жүргүзүү боюнча типтүү нускама" менен Архив кызматынын Ош аймактык башкармалыгынын уюштуруу, кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ү.Эргешов, ал эми "Иш кагаздарын мамлекеттик тилде, кыргыз тилинин жазуу эрежелерине ылайык түзүү" боюнча ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары Т.Айбашова жана К.Маданова  маалымат берди.

   Семинардан кийин  мекеме-уюмдардагы, билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик тилдин абалы менен таанышып, окуучулардын кол жазмаларына өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгына күбө болдук.

Архив