Окутуу-семинар Өзгөн районунда болду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан Ош облусунун райондорунда 2023-жылдын 13-19-май күндөрүндө "Кыргыз Республикасынын Типтүү нускамасынын негизинде мамлекеттик органдарда иш кагаздарын  түзүү, жүргүзүү жана кыргыз тилинин жазуу эрежелери" аталышындагы  окутуу-семинары   болуп жатат.       

Бүгүн, 2023-жылдын 16-май күнү көчмө топ Өзгөн районунда ишин улантты. Иш-чараны Өзгөн шаарынын мэри Моңолдоров Дамир Черикович алып барды. Семинар эки бөлүктө ишин жүргүздү. Семинарга райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары, мекеме-уюмдардын кадр маселелери жана иш кагаздарын жүргүзүү ишине жооптуу адистер, мектеп мугалимдери, бала бакча кызматкерлери  катышты. 

     Окутуу-семинарынын биринчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Орозобекова Жылдыз Калмашевна “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин абалы” деген темада  баяндама жасап, мыйзамдын маңызына, тил саясатынын маанисине кенен токтолуу менен Өзгөн районундагы абалды рейтинг формасында көрсөтүп берди.

     Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору Маражапова Нуржан Кенжегуловна өлкөбүздөгү термин, терминология, котормо маселелери боюнча кенен айтып, таасирдүү баяндамасы менен угуучулардын кызуу талкуусун жаратып, берилген суроолорго жооп берди.

      Окутуу-семинарынын кийинки бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы  №120 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын мамлекеттик түзүү, жүргүзүү боюнча типтүү нускама" менен Архив кызматынын Ош аймактык башкармалыгынын уюштуруу, кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ү.Эргешов, ал эми "Иш кагаздарын мамлекеттик тилде, кыргыз тилинин жазуу эрежелерине ылайык түзүү" боюнча ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин факультеттер аралык аралык кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучулары Ж.Айтибаева жана Т.Эралиева  маалымат берди.

Архив