Белгилүү коомдук ишмер, акын, прозаик, мыкты публицист,сынчы К.Бобуловдун 87 жылдыгына карата шаарыбыздагы К.Бобуловдун атындагы №88 орто мектепте эскерүү иш- чарасы болуп өттү.
Алгач мектеп окуучулары саптык өткөрүү менен, Бобуловдун эстелигине гүл коюу менен башталды. Бул иш-чарага агайдын жакындары жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы К.Жакыбалиев катышты. Мектепте уюшулган агайдын музейине барып, качан уюшулганы, кандай иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу музейдин жетекчиси Ч.Турсунбаева айтып берди. Мектептин жыйындар залында окуучулар жана мугалимдер даярдаган чакан концерттик программа болуп, окуучулар, мугалимдер К.Бобуловдун ырларынан көркөм окушту. Иш- чаранын аягында келген конокторго сөз берилип, К.Бобуловдун бир туугандарынын атынан мектеп отличниктерине жана ийгилик жараткан мугалимдерге стипендия берилди. Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган китептер мектепке белек катары тапшырылды.