Комитетте "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды

Бүгүн, 22-майдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Алсак, депутаттар “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграция жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда карап, сунуш-пикирлерди эске алуу чечими менен колдоду.

Булак.: ЖК Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Архив