И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине жолугушуу болду

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары филология илимдеринин доктору, профессор Жылдыз Орозобекова  И.Арабаев  атындагы   Мамлекеттик университетине барып Конституциялык мыйзамдын мааниси жана билим берүү тармагы боюнча мамлекеттик тилдин абалы жөнүндө конок-лекция өтүп берди. 

Жыйында И.Арабаев атындагы Мамлекеттик университетинин ректору А.Т.Абдраева жалпы жамааты менен биргеликте КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен тыгыз иштешип мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жаткандыгын баса белгилеп өттү. Ушуга улай мамлекеттик тилдин орду, Конституциялык мыйзамдын мааниси жана билим берүү тармактары боюнча мамлекеттик тилдин абалы, иш кагаздарды мамлекеттик тилге которуу жана түп нуска боюнча маалымат берди. Ошондой эле терминология жана ономастикага кайрылып,  университеттеги окумуштуулар курамын адистиктер боюнча термин маселеси менен иштешүүгө чакырды. Жыйындын катышуучулары тарабынан жер-суунун аталыштары, бала-бакчалардагы мамлекеттик тилдин абалы, жетекчилердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча суроо беришип, кызуу талкуу болду. 

Архив