“Жылдын мыкты котормочусу – 2023” конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

   КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, КР Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Синхрондук котормо бөлүмү жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн студенттеринин арасында «Жылдын мыкты котормочусу – 2023» кароо-сынагы жарыялаган. Кароо-сынактын максаты берилген көркөм чыгармаларды кыргыз, түрк, орус жана англис тилдерине которуу аркылуу котормо бөлүмүндө окуган студенттердин көркөм котормо багытында талант, шык-жөндөмүн ойготуу, сыноо. Көркөм котормо багытындагы мыкты котормочуларды аныктоо, таланттуу студенттерди келечекте ээ боло турган адистигине даярдоо. Ошондой эле маданияттар аралык карым-катышты бекемдөө, башталгыч, орто мектептин окуучуларына, жаштарга кыргыз жана башка тилдерде билим-тарбия берилүүсүнө, адам катары калыптануусуна мыкты студент-котормочулардын “Менин алгачкы котормом” сериясындагы тандалма котормолор аркылуу салым кошуу. 

2023-жылдын 22-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде котормо бөлүмүнүн студенттери арасында өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгын жарыялоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасы өткөрүлдү. Он жылдан ашык убакыттан бери өткөрүлүп келе жаткан бул конкурстун жеңүүчүлөрүнө дипломдор, ыраазчылык барактары жана түрдүү сыйлыктар тапшырылды. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, Улуттук комиссиянын атынан Алкыш барактарын тапшырды. КТМУ Синхрондук котормо бөлүмү башчысы ф.и.к., доц. Салтанат Мамбаева куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Кароо-сынактын уюштуруучусу филология илимдеринин кондидаты, доцент Калия Кулалиева колдоо көрсөткөн бардык уюмдарга жана конкурска катышкан студенттерге терең ыраазычылыгын билдирип, өткөрүлгөн иш-чаранын студенттер жана коомчулук үчүн маани-маңызын баса белгиледи. 

Архив