“Социалдык фонддогу мамлекеттик тилдин абалы” аттуу жыйын болду


Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган “Социалдык фонддогу мамлекеттик тилдин абалы”аттуу жыйын болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Жума уулу Улан, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская  Батма Болоталиевна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчисинин орун басарлары жана аппарат кызматкерлери, түзүмдүк ведомстволордун жетекчилери, мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү  катышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана лингвистикалык экспертиза жүргүзүү секторунун башчысы Ниязакунов Тимур Макмутказиевич - “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери” боюнча маалымат берди. Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна “Кыргызтест: мамлекеттик кызматкерлердин тилди билүү деңгээлин баалоо маселелери” тууралуу айтты. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Социалдык фонд тармагында мамлекеттик тилдин абалы: иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана колдонулушу” жөнүндө кенен баяндама жасап, бир топ көйгөйлүү маселелерди ортого салды. Ошону менен катар бир нече сунуш-пикирлердин негизинде төмөндөгүдөй кайрылуу кабыл алынды:

- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасынын аткарылышын камсыз кылуу;

- КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-январындагы №864-V11 токтомунун аткарылышын камсыз кылуу.

- 2023-жылдын ичинде “КР мамлекеттик тили жөнүндө” КР мыйзамынын аткарылышы боюнча маселени мекеменин коллегиясында кароо.

-Министрлик жана ага караштуу мекемелердин веб-сайттарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн камсыздоо (Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №59-т тескемесинин талаптарын аткаруу максатында).

- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун талаптарын аткаруу, т.а. мекеменин кызматкерлерин “Кыргызтест” системасынан толук өткөрүү жана сертификаты бар кызматкерлерден иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү талап кылуу.

- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Жапаровдун 2022-жылдын 10-майындагы № 26-103 тескемесинин талаптарын аткаруу максатында министрликке караштуу мекемелердин Инфодокс системасына толук кошулуусун, системага катталган мекеме-уюмдардын аталыштарын, документтеринин (номенклатура боюнча) аталышын кыргыз тилинде так, туура берилишин камсыздоо.

- Иш кагаздарын тариздөөдө келип чыккан термин маселелерин бирдейлештирүү жана ирээтке келтирүү максатында КР Президентине карашуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору менен иш алып баруу. 

Социалдык фонд  менен ага караштуу мекемелердин (республика боюнча) өз ара кат алышуусунун, борбордук аппаратынан чыгып жаткан иш кагаздарынын мамлекеттик тилдеги көрсөткүчүн жогорулатууну катуу көзөмөлгө алуу жана жагдайды жакшыртуунун механизмдерин иштеп чыгуу;

Аймактык түзүмдүк бөлүмдөрдө иш кагаздарынын мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүлүшү боюнча атайын чараларды уюштуруу.


Архив