Бүгүн Жогорку Кеңеште тарыхый мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынды

Кыргыз эли тээ алмустактан бери додолонгон доор сүрүп, кыйыры жок кылым кечип келди. Мына ушул баш-аягы белгисиз, чексиз бул жарыкта канчалаган эл тилин сактай албай мамлекет катары да, улут катары да ың-жыңсыз жок болуп кетти. Анткени кандай гана улут болбосун анын биримдигин сактап, мамлекет катары жашап кетишинде ал улуттун эң ириде эне тили сакталууга тийиш.

Бүгүн, 31-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

«Чынында эле тарыхый мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзам 34 жылдан кийин кабыл алынып жатат. Ошон үчүн, урматтуу төрага, урматтуу депутаттар, бардыгыңыздар активдүү иштеп бердиңиздер. Биз ыраазыбыз. Урматтуу Президент кол койсо, ушул мыйзамдын иштеп кетишине биз толук, өзүбүздүн болгон күчүбүздү жумшайбыз” – деди КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев.  

Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталган.

Сунушталган мыйзамдын долбоору колдонуудагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын жоболорунун жана аларга карата жүргүзүлгөн талдоонун негизинде эксперттердин, окумуштуулардын жана жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан.

Булак.: КР ЖК Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Архив