Окутуу-семинар Баткен облусунда болду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан Баткен облусунда "Кыргыз Республикасынын Типтүү нускамасынын негизинде мамлекеттик органдарда иш кагаздарын түзүү, жүргүзүү жана кыргыз тилинин жазуу эрежелери" аталышындагы окутуу-семинары болуп жатат. 

2023-жылдын 31-май күнү көчмө топ Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында ишин улантты. Иш-чараны КР Президентинин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Тулаев Маруфхан Каримович  алып барды. Семинарга КР Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты катышты.

Окутуу-семинарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси Маматкарим кызы Эркайым  “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин абалы” деген темада баяндама жасап, мыйзамдын маңызына, тил саясатынын маанисине кенен токтолду.

Окутуу-семинарынын кийинки бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын мамлекеттик түзүү, жүргүзүү боюнча типтүү нускама" менен Архив кызматынын Ош аймактык башкармалыгынын уюштуруу, кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ү.Эргешов, ал эми "Иш кагаздарын мамлекеттик тилде, кыргыз тилинин жазуу эрежелерине ылайык түзүү" боюнча ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин факультеттер аралык аралык кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Т.Эралиева маалымат берди.

Архив