“Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдө тилдик маселелер” аттуу семинар-тренинг өтөт

Мамлекеттик органдардагы иш кагаздардын сабаттуу жүргүзүлбөй жаткандыгына байланыштуу КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия 5-июнда мамлекеттик кызматчылар үчүн атайын семинар-тренинг уюштуруп жатат.

Семинарда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө учкай маалымат берилет. Катышуучуларга  КР Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы О.Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катчылыгынын спичрайтери Т.Абылкасымова, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Котормо борборунун директору М.Абдыжапар уулу ж.б. иш кагаздарын жүргүзүүдөгү тилдик маселелер: сабаттуу которуунун жолдору, термин маселелери, сүйлөө чеберчилиги, жазуу эрежелери, сабаттуулук ж.б. тууралуу тренинг өтүшөт. Окутуу семинарына Мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттери, котормочулар, иш кагаздарын жана кадр иштерин жүргүзүүчү адистер ж.б   чакырылды.

Архив