“Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдө тилдик маселелер” аттуу семинар-тренинг өттү


Мамлекеттик органдардагы иш кагаздардын сабаттуу жүргүзүлбөй жаткандыгына байланыштуу КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия бүгүн мамлекеттик кызматчылар үчүн атайын семинар-тренинг уюштурду.

Семинарды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич куттуктоо сөзү менен ачып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан акарылып жаткан иштер жөнүндө учкай маалымат берди. Катышуучуларга  КР Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы О.Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катчылыгынын спичрайтери Т.Абылкасымова, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Котормо борборунун директору М.Абдыжапар уулу, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская  Батма БолоталиевнаУлуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева ж.б. иш кагаздарын жүргүзүүдөгү тилдик маселелер: сабаттуу которуунун жолдору, термин маселелери, сүйлөө чеберчилиги, жазуу эрежелери, сабаттуулук ж.б. тууралуу тренинг өтүштү. Окутуу семинарына Мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттери, котормочулар, иш кагаздарын жана кадр иштерин жүргүзүүчү адистер ж.б  катышты.


Архив