«Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери» аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун II форуму болуп өттү

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  илимий китепканасында «Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери» аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун II форуму болду. Аталган форумду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча  улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич ачып, жыйынды алып барды. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Абдраева Айгүл Төлөковна куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Форумга жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча проректорлору, кафедра башчылары, ЖМК өкүлдөрү   ж.б. катышты. 

Баяндамаларга кезек берилип, 7 баяндама жасалды: 

1. Сатиев Азамат ТашыбековичК.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин проректору.

2. Супаева Гүлназ Тынаевна - М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин проректору. 

3. Аманалиев Урмат Олжобекович - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору.

4. Назымов Мунарбек Бурханович – М.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин проректору.

5. Тимур Туратали - Assistant Vice President @ Citibank Europe негиздөөчүсү, Data Science Community Kyrgyzstan, “Тил корпусун түзүү маселелери”.

6. Тилек Нурдинов, "Тилимпоз" уюмунун негиздөөчүсү жана жетекчиси, филолог, “Чет элдик тажрыйбанын негизинде ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуу”.

7. Нуркалый Масалбеков, "Тилимпоз" уюмунун башкы менеджери, лингвист. “ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуунун заманбап жолдору, артыкчылыктары жана кемчиликтери”. 

Аягында кызуу талкуунун алкагында суроо-жооптор болуп, кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.

Архив