Окутуу-семинар Сузак, Базар-Коргон райондорунда өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан Сузак, Базар-Коргон райондорунда 2023-жылдын 8-июнь күнү"Кыргыз Республикасынын Типтүү нускамасынын негизинде мамлекеттик органдарда иш кагаздарын түзүү, жүргүзүү жана кыргыз тилинин жазуу эрежелери" аталышындагы окутуу-семинары өткөрүлдү. Буга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Э.Муратбекова катышты.

Иш-чарага Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Г.Камбарова,  Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А.Сансызбаева,  Сузак, Базар-Коргон райондук мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, мекемедеги иш кагаздарын жүргүзгөн адистер катышты.

Семинарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын мамлекеттик түзүү, жүргүзүү боюнча типтүү нускама" менен Архив кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын уюштуруу, кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Г. Сатарова, ал эми "Иш кагаздарын мамлекеттик тилде, кыргыз тилинин жазуу эрежелерине ылайык түзүү" боюнча ЖАМУнун доценти Г. Бакирова  маалымат берди.

Архив