Окутуу-семинар Жалал-Абад шаарында болду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан 2023-жылдын 9-июнь күнү Жалал-Абад шаарында   шаардык мекеме-ишканаларда иш кагаздарын түзүү, жүргүзүү жана кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окутуу-семинары    өткөрүлдү. Буга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Э.Муратбекова катышты.

Иш-чарага Жалал-Абад шаардык мекемелеринин  иш кагаздарын жүргүзө турган жана кадрдык иштер боюнча адистер катышты.

Архив