“Маданият тармагындагы мамлекеттик тилдин абалы” аттуу жыйын болду

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Максүтов Алтынбек, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская  Батма Болоталиевна, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары жана аталган министрликтин аппарат кызматкерлери, түзүмдүк ведомстволордун жетекчилери, мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү  катышты. 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Максутов Алтынбек Аскарович “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты   министрлигиндеги  мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери” тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна “Кыргызтест: мамлекеттик кызматкерлердин тилди билүү деңгээлин баалоо маселелери” боюнча маалымат берди.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Маданият тармагында иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана “Инфодокс” системасындагы абалы боюнча аналитикалык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндама жасап, бир топ көйгөйлүү маселелерди ортого салды.

Соңунда кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.


Архив