“Тактыкты талап кылган терминдер” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өттү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун терминология жана ономастика бөлүмү уюштурган “Тактыкты талап кылган терминдер” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы чакырылды. Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун профессордук-окутуучулар жамааты, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин окутуучулар жамааты, Терминология комиссиясынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун адистери, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери катышты. 

Конференцияны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Осмоналиев Каныбек ачты. Конференциянын ачылышында Терминология комиссиясынын ишмердиги менен терминология жана ономастика бөлүмү тууралуу слайд материал көрсөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Абдрахматов Канатбек Ермекович жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Акматалиев Абдылдажан Амантурович куттуктоо сөзү менен бирге терминологиянын көйгөйлүү маселелерине токтолушту.

Төмөндөгүдөй илимий баяндамалар жасалды:

1. Кадыров Ысмайыл Кадырович – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун терминология жана ономастика бөлүмүнүн башкы адиси.

Кыргыз терминологиясындагы синонимдер.

2. Жайлообаев Бакыт Алманбетович – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты, доцент.

Кыргыз тилиндеги синтаксистик терминдер.

3. Давлетов Мухтар Самакович – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери. 

Кыргыз терминологиясындагы тактык жана системалуулук талаптарынын бузулушу.

4.Джаманкулова Кульжамал Тологоновна – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору. 

Тилге байланыштуу айрым терминдердин колдонулушу жөнүндө.

5. Джаанбаев Сейитбек – Кыргыз билим берүү академиясынын үзгүлтүксүз билим берүү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери. 

Мектептеги окуу китептери жана терминдер.

Соңунда конференциянын резолюциясы кабыл алынды. 

Архив