“Энергетика тармагындагы мамлекеттик тилдин абалы” аталышындагы жыйын болду

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, Кыргыз Республикасынын   Энергетика министри Ибраев Таалайбек Өмүкеевич, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская  Батма Болоталиевна, Кыргыз Республикасынын  Энергетика министринин орун басарлары жана аталган министрликтин аппарат кызматкерлери, түзүмдүк ведомстволордун жетекчилери, мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү   катышты.

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Энергетика тармагында иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана “Инфодокс” системасындагы абалы боюнча аналитикалык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндама окулуп, бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынды. Соңунда кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.


Архив