23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү кут болсун!

Урматтуу мекендештер! Кадырман кесиптештер!


Кылым кезген кыргыз эли улуулугу, намыскөйлүгү, доско да, тууганга да, керек болсо душманына да берген сөзүнө бекем, каккан казыктай туруктуулугу менен дүйнө элинен кескин айырмаланып турганы талашсыз. Ал эми жоокерчилик заманда башынан өткөргөн кыйынчылыктары менен азап-тозогу, кайгы-муңу, жондон баскан жокчулук менен ачарчылыкка карабай, элдин бүтүндүгү, биримдиги, улуттун уңгусун урпактарга көздүн карегиндей сактап, өткөрүп келген ата-бабаларыбыздын эбегейсиз эмгегин барктабай коюуга болбойт...

Бул күнкорсуз, азат мамлекетти куруунун ишенимдүү жана чечкиндүү кадамына себепкер болуп, мамлекет деген тирүү организмди жашатып, анын ар бир кыймылына түздөн-түз катышып жаткан бул – албетте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер. Демек, кандай гана коом болбосун мамлекетин сактап, тамырына кан жүгүртүп турган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди бүгүнкү кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн кызуу куттуктайбыз!

          Баарыңыздар бар болуңуздар! Жалпыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм! Мамлекетибиз түбөлүктүү болуп, Элибиз, Тилибиз өнүксүн!

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор                              К. Осмоналиев

Архив