Түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форуму сентябрь айында өтөт

         2023-жылдын 14-июлунда Президенттин Администрациясынын Басма сөз борборунда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсаловдун жетекчилигнде Түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форумун уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү.

Жыйынга мамлекеттик органдардын жетекчилери, жогорку окуу жайларынын ректорлору жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетекчилиги, кызматкерлери  катышты.

Эске салсак А.У. Жапаров тарабынан “Түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форуму” жөнүндөгү 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 187-т тескемеси кабыл алынган.

         Жыйында түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форумун өткөрүү боюнча аткарылган иштер боюнча төрага К.Осмоналиев маалымат берди. Маалыматта берилген форумду уюштуруу жана өткөрүүдө каржылык маселеси боюнча тескеменин долбоору, иш-чаралар планы, программа, маалым кат, эн белгиси (логотип), форумдун сайтынын долбоорлору жактырылып, бекитилди.

 Ошондой эле КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов тескеменин негизинде форумду өткөрүүгө тиешелүү болгон министрликтерди жоопкерчилик менен мамиле кылууга жана алгачкы жолу уюштурулуп жаткан форумду жогорку деңгээлде өткөрүү зарыл экендигин белгилеп өттү.

Архив