Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, "Кыргыз тили" гезитинин редактору Керимов Дүйшөн Касиевич,Ош мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, физика- математика илимдеринин кандидаты, доцент Өскөнбаев Маралбек Чотоевич, Ала-Бука райондук администрация башчысынын орун басарлары Тотонов Мирбек Субаналиевич, Жунусалиева Асел Айткуловна, айыл өкмөт башчылары, жооптуу катчылар, райондук мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү кызматкерлери катышты.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Райондук мекеме-ишканалардын иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана “Инфодокс” системасындагы абалы боюнча аналитикалык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндама окулуп, бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынды. Соңунда кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.