Чаткал районунда 2023-жылдын 19-июлунда "Чаткал районундагы мамлекеттик тилдин абалы” аталышындагы жыйын болду
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, "Кыргыз тили" гезитинин редактору Керимов Дүйшөн Касиевич,Ош мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, физика- математика илимдеринин кандидаты, доцент  Өскөнбаев Маралбек Чотоевич, Чаткал райондук администрация башчысынын орун басары Мырзатаев Камалкан Ташматович ,  айыл өкмөт башчылары,  жооптуу катчылар, райондук мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү кызматкерлери катышты.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Райондук мекеме-ишканалардын иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана “Инфодокс” системасындагы абалы боюнча аналитикалык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндама окулуп, бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынды. Соңунда кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.
Архив