«Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын кабыл алынышы боюнча маалымат жыйыны болуп өттү


Жыйынга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев,  Кыргыз Эл акыны, «Байчечекей» балдар журналынын башкы редактору Самудинов Токтосун, «Кыргыз тили» газетасынын башкы редактору Керимов Дүйшөн жана «Ала-Тоо 24», «Мир» «Говори ТВ» «Достук» медиа жана башка телеканалдардын өкүлдөрү, журналисттер катышышты.

Алгач Улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы, анын мааниси, өзгөчөлүгү тууралуу маалымат берип, коомдо кызуу талкуу жаратып жаткан Мыйзамдын 3,4, 11, 20, 32-беренелерине кеңири токтолду. Өз сөзүндө төрага айрым бир жарандардын мамлекеттик тил менен расмий тилдин ортосунда каршылык жаратуу аракеттерин токтотууга, аны саясий маселеге айландырбастан, журналисттерден маалыматты коомчулукка так түшүндүрүп, жеткирүүгө чакырып, мамлекеттик тил менен катар эле Кыргыз Республикасында расмий тил катарында орус тилинин статусу Конституцияда белгиленгендигин, мындан сырткары аталган мыйзамга да киргизилгендигин, башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда расмий тилге карата өтө толерантуу мамиле жасалып жаткандыгын баса белгиледи.

Журналист Д. Керимов, Кыргыз Эл акыны Токтосун Самудинов агайлар аталган мыйзамдын маанилүү кадам экендигине, тилди сактоо, өнүктүрүү маселелерине токтолушуп, кыргыз тилинин диалектикалык өзгөчөлүктөрүнүн изилденбей калгандыгы, тилди коргоо, балдар адабиятын, илимий-популярдуу, тармактык журналдардын чыкпай жаткандыгы, илимий изилдөөлөрдү, экспедицияларды уюштуруу, тилдин бузулуп бараткандыгы, анын келечекте кандай кесепеттерге алып келиши туурасында кеңири сөз кылышты.

Жыйындын жүрүшүндө журналисттердин кызыктырган суроолоруна жооптор берилди.

Архив