Улуттук комиссия Жогорку соттун иш кагаздарына мониторинг жүргүздү

Бүгүн, 14-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Нурлан Мусаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрүн кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы А.Ишеналиева Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, комиссия аталган мыйзамдын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү жана көзөмөлдөөнү баштаганын билдирди.


Архив