“Калкты тейлөө тармагындагы мамлекеттик тилдин абалы” аталышындагы жыйын болду

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек, КР Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Кийизбаева Жазгүл Ильичевна, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Абылкасымов Токторбай Жекшенакунович жана орун басарлары, аппарат кызматкерлери, түзүмдүк ведомстволордун жетекчилери, мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү  катышты. 

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Калкты тейлөө тармагында иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана “Инфодокс” системасындагы абалы боюнча аналитикалык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндама окулуп, бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынды. Соңунда кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.

Архив