Ош шаарында 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” № 140 Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышы тууралуу жыйын болду


Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесине ылайык, 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” № 140 Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  аткарылышы боюнча жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Закиров Нурлан Акимжанович, КР Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Рахманова Аида Азиретовна жана мекеме-уюмдардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жетекчилери, тил адистери, юристер, эмгек ардагерлери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү  катышты. 

 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесине ылайык, 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” № 140 Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын  аткаруу максатында түшүндүрмө берилип баяндама окулду. Жыйындын соңунда мыйзамдын туура кабыл алынгандыгы катышуучулар тарабынан баса белгиленип, бир топ жылуу пикирлер айтылды.

Архив