Жалал-Абад шаарында 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” № 140 Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышы тууралуу жыйын болду

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесине ылайык, 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” № 140 Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  аткарылышыбоюнча жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  Маматаев Эркин Садырбекович жана мекеме-уюмдардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жетекчилери, тил адистери, юристер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү  катышты. 

 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесине ылайык, 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” № 140 Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын  аткаруу максатында түшүндүрмө берилип баяндама окулду. Жыйындын соңунда мыйзамдын туура кабыл алынгандыгы катышуучулар тарабынан баса белгиленип, бир топ жылуу пикирлер айтылды.


Архив