Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевдин КАЙРЫЛУУСУ

Ардактуу мекендештер!


Коомдук цивилизация өнүгүүнүн эң жогорку чегине жетип турган кездеги бийиктигин да тилдин кубаты аркылуу туюндуруп берет. Эл коомдун бир бөлүгү, элди эл кылып турган анын тили экенине тереңден баа  берүүгө мезгил келип жетти. Ар бир тил өзүнүн табиятынан бузулбай сакталышы керек. Илим жана техника, электроника доору гүлдөп турган кезде биз аз жерден   эң баалуу ыйык тилибизди жоготуп алуу чегине жакындай түштүк. Анткени смартфондун күчү тилдин касиетин,  негизги кубатын сүрүп чыгарып коё жаздады.

Тил адамдын басып өткөн тарыхый доорун, жашап жаткан коомун ошондой эле  эртеңки тагдырын  да аныктай турган кудуретке ээ жана улуттун улут болмогунун негизги белгиси! 

Тилсиз мамлекет куруу да мүмкүн эмес, ал эми тили болбосо миңдеген кылымдар жашап келген эл болсо да,  аларды жок болуп кетүү тагдыры күтөт.  Тилге абдан көңүл бөлүп жатканыбыздын негизги себебинин бири биз жашап жаткан коом, адамдык таасир. Мунун мааниси тереңде...

Урматтуу мекендештер, жакында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынып, 2023- жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду. Бул тарыхый учур, жаңы Кыргызстанды куруунун бир өңүтүн ээлейт.

Кыргыз эли дүйнө элдеринин ичинен да эң байыркы сап башында турабыз. Конституциялык макамга ээ болгон Мыйзамды  кабыл алуу үчүн биз узак жол бастык. Эми жан дүйнөбүздүн эң эле баалуу азыгы болгон  тилибизди сактоого, коргоого, аздектеп колдонууга ар бирибиз милдеттүүбүз.

Эзелтен тил баарлашуунун негизги куралы болуп келет, мамлекетибиздеги тил саясаты улуттар аралык ынтымакты бекемдөөнү, эне тилибизди коргоону, өнүктүрүүнү жана колдонууну көздөйт! 

Кыргыз тили – мамлекет тарабынан эле колдоого эмес, колдонулууга  муктаж. Жалпы калайык-калк жапатырмак колдоого албаса, жалаң мыйзам кабыл алуу менен тилибиз өнүкпөйт. Тил өзүнүн ички өнүгүү мыйзамдарына  баш иет жана туруктуу эрежелердин ченемин сактайт.

 Күн сайын, саат сайын, бала бакчадан тартып мамлекеттик кызматкерге чейин коомдук турмуштун бардык тармактарында, иш кагаздарынын жүгүртүлүшүндө, жалпы укуктук  ченемдик актыларды жазууда, илим тармактарында мамлекеттик тилди колдоно албасак эгемен экенибиздин белгиси  кайсы? Тилибиздин  күндөн-күнгө ааламдашуу доорунун таасиринен улам сүрүлүп бара жаткандыгы жалганбы?! 

Эне сүтү менен берилген – эне тил “Манас” шедеврине катылган, ал муундан-муунга уланып келаткан нарк-насил, каада-салт, улуттун өзөгү экендигин айкындап турат.  Тилибиздин тазалыгы үчүн күрөшөлү, аны байыталы, баалуулукту сактай  билели. Өз тилиңде эки сөз билбесең, улутуңду кантип айтасың?

Урматтуу мекендештер, ким болбосун, кайсы улуттун же кайсы кесиптин ээси болбосун өз тармагында мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кайдыгер болбойлу. Ар бирибиз өз алдынча ойлонолу, изденели. Ата-бабалардан аманат калтырылган улуу мурасыбызды сактап, келечек муунга татыктуу калтыралы!     

Заманыбыздын залкары Түгөлбай Сыдыкбеков атабыздын «Тил – маданият башаты. Эне тилин билүү башкы маданият. Өз эне тилин эң сонун билүү, калган тилдерди колунан келишинче жакшы билүү зарыл» - деген сөздөрү таамай айтылган. Буга маани бербей коюу  мүмкүн эмес. 

         Тилди мажбурлап эч ким сүйлөтпөйт, тилди ар бир адам улутка болгон урмат менен   үйрөнөт жана мамлекетине болгон сүйүүсүн билдирет. Өзүн-өзү сыйлай албаганды эч ким сыйлабайт.

Урматтуу мекендештер, биз бул багытта чечкиндүү кадамдарды жасоого даярбыз. Жалпы мекендештерди кайдыгер карап турбай, намыстуулук менен тилибизди коргоого жана колдонууга чакырам!..

Архив