“Юстиция тармагындагы мамлекеттик тилдин абалы” аттуу жыйын болду

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек, Кыргыз Республикасынын Юстиция  министри Баетов Аяз Батыркулович. Кыргыз Республикасынын  Юстиция министринин орун басарлары жана аппарат кызматкерлери, түзүмдүк ведомстволордун жетекчилери, мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү  катышты. 

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Юстиция тармагында иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана “Инфодокс” системасындагы абалы боюнча аналитикалык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндама окулуп, бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынды. 

Соңунда кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.


Архив