Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь администрациялык районундагы мамлекеттик тилдин абалы тууралуу жыйын болду

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева, «Кыргыз тили» гезитинин башкы редактору Д.Керимов, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы, орун басарлары жана аппарат кызматкерлери, түзүмдүк мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү  катышты. 

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Калкты тейлөө тармагында иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана  абалы боюнча аналитикалык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндама окулуп, бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынды. 

Соңунда кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.


Архив