ИИМдин Академиясында «Мамлекеттик тил – улуттук нарктын пайдубалы» аттуу тегерек стол болуп өттү

Бүгүн  Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Эгеш Алиев атындагы  Академиясынын тилге даярдык кафедрасы жана илимий иштерди уюштуруу бөлүмүндө «Мамлекеттик тил – улуттук нарктын пайдубалы» аталышында тегерек стол өткөрүлдү. 

Ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор  Каныбек Осмоналиев, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Искендер  Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Рахат Сулайманова, Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледждин директору Улан Турдалиев, КР ИИМдин Башкы штабынын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Айбек  Орозакунов, Чүй облустук жана Бишкек шаардык ИИББнын, ИИМдин Республикалык окуу борборунун, Бишкек шаарынын райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн мамлекеттик тилге жооптуу кызматкерлери, Академиянын жетекчилиги жана өздүк курамы катышты. 

Тегерек столдун ачылышында Каныбек Осмоналиев 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган № 140 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Мыйзамын баяндап берип аны кабыл алуудагы маселер жана талкуулар туураалуу кенен маалымат берип өттү. 

 Тегерек столдун жүрүшүндө улуттук наркты сактоодо жана өнүктүрүүдө мамлекеттик тилдин ролу, ички иштер органдарындагы кесиптик коммуникацияда мамлекеттик тилди колдонуу, өнүктүрүү,  иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү жайылтуу, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемдеринин аткарылышын камсыздоо маселелери талкууланып, аны чечүүдө  жооптуу кызматкерлердин, жетекчилик курамдын жана жалпы эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин орду тууралуу сөз болду.

Тегерек столдун аягында катышуучулар тарабынан сунуштама иштелип чыкты.    Ошондой эле конокторго ИИМдин Академиясынын музейине жана заманбап окуутуучу электрондук тирине экскурсия уюштурулду.


 
Булак.: ИИМдин Басма cөз кызматы

Архив