Түрк тилдүү элдердин эл аралык ТИЛ ФОРУМУ болот

Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен Кыргызстанда биринчи жолу Түрк тилдүү элдердин эл аралык ТИЛ ФОРУМУН өткөрөт. Бул ФОРУМГА Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россиянын Якутия, Кара-Калпак, Алтай аймактарынан, Венгрия, Германиядан жалпы 80ге жакын адам келет. Ал эми ФОРУМГА 300дөн ашуун адам катышары күтүлүүдө.

Түрк тилдүү элдердин эл аралык ТИЛ ФОРУМУ 21-22-сентябрь күндөрү Бишкек шаарындагы NOVOTEL мейманканасында болот. Форум 21-сентябрь күнү 9:00дө башталат.


Архив