Бишкек шаардык милициясында Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өттү

Бул иш-чарага Бишкек шаардык милициянын башчысы Азамат Токтоналиев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, ИИМдин Башкы штабынын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Орозакунов, Мамлекеттик тил коомунун президенти Райымжан Курбанов, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекттик тил жана маданият институтунун «Манас таануу»  кафедрасынын башчысы Талантбек Рысбаев, Бишкек шаардык милициясынын Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Умсунай Абдыкулова, ошондой эле, шаардык милициянын Борбордук аппаратынын жана райондук милициялардын кызматкерлери катышты.

Иш-чарада Азамат Токтоналиев катышуучулардын алдында сөз сүйлөп, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев милиция кызматкерлерине жаңы кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамы боюнча түшүндүрмө берип, милиция кызматкерлеринин иштерине ийгиликтерди каалады.

Андан тышкары иш-чарага катышкан башка коноктор да сөз сүйлөп, Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоолорун айтты.

Иш-чаранын аягында шаардык жана райондук милициянын кызматкерлери тарабынан уюштурулган концерттик программа тартуулады.


Архив