Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Кыргыз тили – кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы» аттуу тегерек стол болуп өттү


Бүгүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Кыргыз тили – кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы» аттуу тегерек стол өткөрүлүп, анда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары  Улан Жума уулунун  куттуктоо сөзү менен ачылды. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Осмоналиев Каныбек «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамы тууралуу жалпы түшүндүрмө  берип, слайд-презентация көрсөтүлдү.  

Жыйынтыгында Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен тыгыз кызматташтыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Осмоналиев Каныбек “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматташтыкты бекемдегени үчүн” медалы менен сыйланды.

Иш-чаранын алкагында мамлекеттик тил күнүнө арналган «Кыргыз тили – кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы» көркөм окуу сынагынын жеңүүчүлөрү жарыяланып, сыйлыктары ыйгарылды.


Архив