Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева, Бишкек шаарынын вице-мэри Мозгачева Виктория Андреевна, Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Саргазаков Максатбек Таштанбекович, орун басарлары жана аппарат кызматкерлери, түзүмдүк мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана абалы боюнча аналитикалык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндама окулуп, бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынды.
КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы тууралуу” да кенен баяндама жасады.
Соңунда кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.