“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы тууралуу жана мектептердеги мамлекеттик тилдин абалы ” аттуу жыйын болду


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек, Биринчи май райондук Билим беүү башкармалыгынын жетекчиси Шербаева Самара Калмаматовна, Бишкек шаары боюнча мектеп директорлору жана мамлекеттик тил боюнча директорлордун орун басарлары, мугалимдер, иш кагаздарын жүргүзүүчүлөр келишти. Иш-чара №86 Калыс-Ордо мектебинде болуп директоруМадамилова Гүлжамал Мадамиловна да катышты.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы тууралуу жана мектептерде мамлекеттик тилдин абалы ” боюнча кенен баяндама жасады.

Каныбек Осмоналиевич айрым класстарга кирип, таанышып чыкты. Жыйында бул мектептин курулуу тарыхы боюнча жазуучу Абдымамбет Сариев тарабынан жазылган «Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо мектеби кантип курулду?..» деген аталыштагы даректүү баянды камтыган китептин бет ачары да болду. Китептин автору Абдымамбет Сариев да ойлорун ортого салды.


Архив